• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Сентябрдын аягында Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталат

13 Аяк оона 2022 9:14 Бишкек Govori.TV

Сентябрдын аягында Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу мэриянын басма кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы таштанды төккөн полигондо Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда өткөн көчмө жыйында калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров заводдун курулушу 1,5-2 жылдын ичинде аяктай турганын билдирди.

«Буга чейин мэрия бул маселени чечүү каалоосун билдирген бир нече эл аралык компания менен меморандумдарга кол койгон. Азыр келип түшкөн сунуштарды изилдеп, техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгуу менен алектенүүдө», – деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Быйыл апрелде Бишкектин мэри таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу үчүн инвестор издөө иштери жүрүп жатканын айткан.

Количество просмотров: 113