• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сеулдагы учакта чуу салган Каденова арак ичкен эмесмин дейт

24 Аяк оона 2018 12:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.09.2018. Govori.TV
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурунку орун басары Зууракан Каденова Кореядагы Инчхон аба майданында болгон окуя тууралуу  түшүндүрмө берди. Ал окуя болгон маалда мас болбогондугун жана «Эйр Астана» учагынын бортунда эч кандай жаңжал чыгарбагандыгын айтты.
Анын айтымында анын 3-4 күндөн бери жүрөгү ооруп учакка отуруу алдында корвалил дарысын жана валерьянканы кола менен ичкен.
«Мени дары куюлган кичинекей бөтөлкө менен бортко чыгарбайт деп адаттагыдан көбүрөөк ичип алгам. Мурда 30 тамчы ичсем, анда 40дан ашык тамчы ичкен элем. Ага чейин да женьшень дарысына кошуп кофе ичип алгам. Учакка киргенде өзүмдү жаман сезе баштадым. Коопсуздук курун тагынганда көңүлүм айнып ажатканага барууну сурандым. Бирок мени чыгарууга макул болушпай желим баштык алып келип беришти», — деди Каденова.
Каденова өзүн жакшы сезип калганын жана учуп кете аларын айткан. Бирок учак кызматкерлери анын билетин алмаштырып кийинки каттам менен жөнөтүүнү чечишкенин билдирди.
«Менин өңүм кубарып, муунум титиреп мас адамдай көрүнүптүрмүн. Бирок мен ичкен эмесмин. Негизи эле ичимдик ичпейм. Мен Түштүк Кореяга 20 күндүк окуу программасы боюнча баргам. Өзүм эмгек өргүүсүндө жүргөм, кызматтан бошотулганымды ЖМКлар аркылуу билдим. Менин жүктөрүмдү алып чыгууга 2 саат убакыт кетти. Жүрүгүнчүлөрдү ошон үчүн чыгарган. Кызматтан алынганым тууралуу өкмөткө даттанбайм, өзүмдүн башка пландарым бар», — деди аткаминер.
Ошондой эле ал Air Astana компаниясы аны кара тизмеге киргизбегенин айтты.
Эскерте кетсек, депутат Аида Исмаилова Сеулда жогорку кызматта иштеген кыргызстандык мас аял бир сааттан ашык жаңжал салып, анын айынан Алматыга уча турган учак эки саат кармалып калганын айткан. Кийинчерээк ал эмгек, социалдык өнүгүү министринин орун басары Зуура Каденова экени белгилүү болгон.
Бул окуядан кийин өкмөт башчы   Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Каденова Зууракан Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду.
Количество просмотров: 14