• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шаршембиев vs Момбеков. Мамлекеттик комитетинин жетекчиси депутатты сотко берем деп коркутту

3 Тогуздун айы 2018 16:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.10.2018.Govori.TV.
Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, Жогорку Кенешинин депутаты Рыскелди Момбековду сот менен коркутту.
Шаршембиев өз укугун коргоо үчүн сотко арыз жазып кайрылаарын кошумчалады.
“Мен 8 эмес, эки кылмыш иши боюнча күбөмүн. Төрт иш боюнча баш тартуу материалдарын кайтарышкан. А калган экөө, кайсы экенин билбейм, аларга тиешем жок, мени укук коргоо органдары, алар боюнча чакырган эмес”, — деди Бакыт Шаршембиев.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков, Шаршембиевди сегиз кылмыш ишине тиешеси бар деп айткан.
«Ушул адам кантип мекемени жетектеп, кантип «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырат»,-деген Момбеков
Ал бул созүн, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин маалыматына таянып айтып жатканын билдирген.

Ал эми маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев кайсы эки кылмыш иш боюнча күбө катары тартылып жаткандыгы жөнүндө айтып берди.

Количество просмотров: 33