• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шашылыш билдирүү: Ашууларга кар көчкү түшөт

6 Чын куран 2021 13:25 Бишкек Govori.TV

Жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу 6-9-апрель аралыгында Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшөрү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кар көчкү түшөт деген аймактар:

  • Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу);
  • Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Суусамыр — Талас — Тараз автоунаа жолунун 1-14-чакырымы (Өтмөк ашуусу);
  • Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров автоунаа жолунун 71-75-чакырымы (Чапчыма ашуусу);
  • Кара-Кысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу;
  • Мырзаке — Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-110-чакырмы;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 286-306-чакырымы (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);
  • Казарман — Ак-Тал-Чат автоунаа жолунун 67-93-чакырымы (Кара-Гөө ашуусу);
  • Ош — Сары-Таш автоунаа жолунун 161-179-чакырымы (Талдык ашуусу);
  • Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык автоунаа жолунун 97-98, 110, 136-150-чакырымы;
  • Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу).
Теги:
Количество просмотров: 122