• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Шашылыш билдирүү! Бир жумага карата аба ырайы

17 Бештин айы 201816:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.12.2018.Govori.TV.

17-декабрда күндүзү тоолуу райондорго кар түшөт. 18-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Жолдор тоңот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ал эми 19-20-декабрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар түшөт. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

22-декабрда жаан-чачын болбойт. 23-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы дээрлик өзгөрбөйт.

Теги:
Количество просмотров: 26