• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

6 Жалган куран 202315:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 6-мартынан 9-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-265 чакырымдарында «Чычкан» капчыгайы, «Ала-Бел» ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

«Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 86