Иликтөөнү көрмөксөнгө салып койсок тарыхый чоң ката болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, журналисттик иликтөөдөн кийин Искендер Матраимов комиссиянын курамынан чыгыш керек.
«Президент, Парламент, Коопсуздук кеңешинин төрагасы жана коррупция менен күрөшүүнүн башында турган адам катары иликтөөгө маани берип, коомчулукка маалымат бериш керек. Анткени жалпы эл «бийлик коррупцияга белчесинен батыптыр» деген бүтүмдү чыгарат»,-деди Шыкмаматов.