• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шылуунчулук боюнча абакта отурган «Азия-Курулуш» компаниясынын президенти Адинай Турдубаева эркиндикке чыкты

15 Үчтүн айы 2019 10:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.2019. Govori.TV.


Абактагы «Азия-Курулуш» компаниясынын президенти Адинай
Турдубаева камактан бошоп, Москва шаарына дарыланууга кетти.
Бул тууралуу «Govori.TV» маалымат агенттигине Адинай Турдубаеванын жакындары кабарлашты.

Буга чейин анын рак оорусу менен жабыркап жаткандыгы тууралуу коомдук ишмерлер көп жолу ЖМКларда көтөрүп чыгып, коомчулуктан колдоо күтүшкөн эле.

Эске салсак, Россиянын жараны, «Азия-Курулуш» компаниясынын президенти Адинай Турдубаева он жылдан ашык камакта отурган.


“Азия курулуш” жабык акционердик коому менен үй алуу боюнча келишим түзүп, алданып калган шаар тургундарынын тобу президенттен өздөрүнүн турак жайга болгон укугун коргоп берүүсүн өтүнүп чыгышкан. Анткени “Азия курулуш” менен түзгөн келишимге ылайык каалоочулар жаңы курулуп жаткан үйлөр үчүн акчаларын бөлүп берип олтуруп, бир жыл аралыгында үйлүү болушмак. 

Бир эле квартиранын бир канча адамга сатуу боюнча келишимдер түзүлгөн фактылар катталган. Алар ушул убакка чейин “Азия курулушка” берген 2,5 миллион доллар акчаларын кайтарып ала албай убара. Ал эми “Азия курулуштун” жетекчиси Адинай Турдубаева жабырлануучуларды арызы боюнча кармалып, ага шылуунчулук боюнча кылмыш иши козголгон.

Теги:
Количество просмотров: 13