• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сириядагы аскердик операцияга вандык кыргыздар да катышууда

13 Бирдин айы 2018 9:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.02.2018. Govori.TV.

Түркиядагы «Кыргыз түрктөрү» маданият коомунун мүчөсү Бүнямин Токер «Азаттыкка» билдиргендей, Сириянын Африн аймагында операцияга катышып жүргөн түрк армиясынын катарында вандык жыйырмадай кыргыз бар.
— Биз Анкара шаарында кыргыздар чогулуп, Афринде согушуп жаткан аскерлерибизге колдоо жана көңүл буруу үчүн боз үй тигип, палоо басып элге тараттык. Миңдеген түрк аскерлеринин арасында биздин Улуу Памир айылынан жыйырмадай жигит жүрөт, — деди ал.
Түркия Сириянын түндүк-батышындагы “Зайтун бутагы” деп аталган аскердик операциясын 20-январда баштаган. Түрк армиясы бул аймактан күрт кошуундарын сүрүп чыгып, 30 чакырымдык «коопсуз тилке» түзүүнү көздөп жатат.
Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында эки миңден ашык кыргыз отурукташкан. Ал эми жалпы Түркия боюнча беш миңге чукул кыргыз жашайт.
Количество просмотров: 33