• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылык: Коронавирустан 11 адам көз жумду. Кыргызстанда теракт жасаганы жаткан адам кармалды

16 Теке 2021 14:04 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 16-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада коронавирустан дагы 11 бейтап көз жумду. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Таласта, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында бирден киши.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 154​ адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 334 кишиден аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 146 292 адамга жетти. Андан 122 923 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 4 863 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 216 бейтаптын абалы өтө оор, 1 446 кишиники оор деп бааланууда.

ДАГЫ БИР ЧИНОВНИК КАРМАЛДЫ

Бишкек милициясы түркиялыктарга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берген деп шек саналган президентке караштуу Жарандуулук маселелери боюнча комиссиянын А.Э. аттуу мурдагы катчысын камады. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы ага Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен айып коюлуп, ал тергөө абагына киргизилгенин кабарлады. Учурда иликтеп-тергөө уланууда.

Өткөн аптада ушундай эле айып менен Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы Дүйшөн Сатыбалдиев камалган.

Бишкек милициясы анын алдында 2016-жылы Түркиянын он жараны Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынып, аларга паспорттор мыйзамсыз берилгенин билдирген. Бул фактыдан улам Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголгон.

ТЕРРОРИСТТИК УЮМДУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

УКМКнын кызматкерлери 14-июлда Кыргызстандын Г.М. аттуу жаранын кармашты. Ал согуш жүрүп жаткан өлкөдөн келип, Кыргызстандын аймагында террористтик акт жасаганы жаткан.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү аскердик даярдыктан өткөн жана Афганистанда эл аралык террористтик уюмдун курамында согушка катышкан.

УКМК эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүнүн Кыргызстандын аймагындагы мыйзамсыз аракеттерин алдын алуу боюнча иштерди улантууда.

Количество просмотров: 179