• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: 2 жашаар бала ур-токмоктон чарчап калды. Кыргызстандыктар жөлөкпул алууга кызыктар эмес

29 Үчтүн айы 2020 14:25 Бишкек Govori.TV

ТОНООГО ШЕКТҮҮ ЖИГИТ КАРМАЛДЫ

Бишкек шаарында жергиликтүү жашоочуну тоноого шектүү жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, өткөн жылы 20-декабрда милицияга жаран кайрылган. Анын айтымында, ушул эле күнү саат 15:00 чамасында аны тоноп кетишкен. Тунгуч кичи районундагы үйүнүн подъездинде белгисиз жигит «Самсунг» үлгүсүндөгү 2 телефон, 15 миң сом жана паспорту салынган баштыгын күч менен тартып алган.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 201-берене (тоноо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү аныкталды. Болжолдуу маалымат боюнча, шектүү «Чынар» дүкөнүнүн жанында банк эсебиндеги акчасын алган жабырлануучуга көз салып, үйүнө чейин анын артынан барган. Шектүү — 2000-жылы туулган М.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан кийин Октябрь райондук соту аны үй камагына чыгарды. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат», — деп айтылат маалыматта.

УР-ТОКМОКТУН КЕСЕПЕТИНЕН НАРИСТЕ ЧАРЧАП КАЛДЫ

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 2 жашар бала ур-токмоктун кесепетинен чарчап калды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-январда Октябрь айылдык ооруканасына денесинде көк ала тактары бар баланын сөөгүн жеткиришкен. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча каттоого алынды.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Алдын ала маалыматка ылайык, чарчап калган баланын атасы Орусияда иштейт. Ал эми апасы 2019-жылы көз жумганы айтылууда. Баланын өлүмүнө шектүү делип аны багып жүргөн жеңеси сурак берип жатат.

ЖУМУШСУЗДУК БОЮНЧА ЖӨЛӨК ПУЛДУ 123 АДАМ АЛАТ

Кыргызстанда болгону 123 киши жумушсуздук боюнча жөлөкпул алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов билдирди.

Анын айтымында, бюджеттен жыл сайын социалдык төлөм үчүн 5 миллион сом бөлүнөт.

«Жөлөкпулдун өлчөмү болгону 300 сомду түзөт. Аны алыш үчүн паспорт, билими тууралуу документ жана эмгек китепчеси керек. Бирок кыргызстандыктар жөлөкпул алууга кызыкдар эмес. Анткени ал өтө эле аз», — деди аткаминер.

2020-жылдын январына карата жумушсуздардын саны 94 миң 248 кишини түздү. Жумушсуздардын 9 пайызы Баткен облусунда, 8,8 пайызы Нарын, 8,4 пайызы Ысык-Көл, 7,3 пайызы Чүй облустарында жашайт

Количество просмотров: 83