• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: 22 жаштагы жоокер көз жумду. Карындашын коргоп айдоочуну атып салган жаран 2 айга камалды

4 Теке 2022 13:57 Бишкек Govori.TV

КОЙ-ТАШТА ЖООКЕР КАЗА БОЛДУ

Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы жоокер өзүн-өзү атып алган. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 4-июлда саат 02:00дөр чамасында болгон. Кой-Таштагы №73809 аскер бөүгүндө кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы Ж.Э. постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктан улам өзүнө ок чыгарып алган. Жоокер алган жаракатынан көз жумган.

Окуя болгон жерде Башкы штабдын жетекчилиги, Аскердик прокуратуранын кызматкерлери, Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын эксперттери жана №02625, №73809 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын курамынан түзүлгөн комиссия иштеп жатканы маалымдалды.

АЙДООЧУНУ АТЫП АЛГАН ЖАРАН 2 АЙГА КАМАЛДЫ

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип жаткан Сухраб Жумакулов эки айга камакка алынды. Шектүүнүн бөгөт чарасы тууралуу чечим Чүй райондук сотунда 3-июлда чыккан.

Чүйдө милиция автожолдо тапанчадан атылган октон адам каза болгон окуянын чоо-жайын териштире баштаганын облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 1-июлда билдирип, окуя ошол күнү Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында болгонун, 47 жаштагы эркек киши “Тез жардам” барганча көз жумганын маалымдаган.

Милициянын версиясы боюнча, эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Машинанын айдоочусу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткен, бирок айдоочу артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы барып калып, ок чыгарган.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде каттоого алынган.

АСПЕКОВ АЧКАЧЫЛЫГЫН ТОКТОТТУ

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган жарандык активист Мелис Аспеков ачкачылыгын токтотконун акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди. 2-июлда омбудсмен “Фейсбуктагы” баракчасына Аспеков менен жолугуп чыкканын жазды.

“Кургак ачкачылык жарыяладым деп арызы мага түшкөн. Ачкачылыгын азыркы учурга токтоткон. Ден соолугуна байланыштуу учурунда медициналык кароого муктаждыгын, былтыркы инфаркттан кийин реабилитация дагы эле өтпөгөнүн айтты” деп билдирген Абдрахматова.

Аспеков Бишкек шаардык сотунда 21-июнда өткөн отурумда судьяга нааразылык билдирип, аны алмаштыруу талабы менен ачкачылык жарыяларын айткан.
Эске салсак,  Аспековго алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага «Алдамчылык» беренеси да кошулган.

Количество просмотров: 140