• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Абакта ачкачылык кармагандардын абалы айтылды. Каржы пирамидасын уюштургандардын бири кармалды

16 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

АЧКАЧЫЛЫК КАРМАГАНДАРДЫН АБАЛЫ

Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта ачкачылык кармагандардын абалы канаттандырарлык. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирди.

Анын айтымында жалпы 19 адам ачкачылык жарыялап жаткан. Бүгүн экинчи күн, абалдары канаттандырарык дейт ал.  14-декабрда ачкачылык жарыялагандардын абалы менен жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова таанышып чыккан.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Алар соттун чечимине нааразы болуп ачкачылык жарыялашкан. Камактагы аялдар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдогон.

КАРЖЫ ПИРАМИДАСЫН ТҮЗГӨН АЯЛ КАРМАЛДЫ

“Финико” каржы пирамидасынын филиалын уюштургандардын бири Грузиядан кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы Интерпол борбордук бюросунун өтүнүчү боюнча Грузиянын Интерпол улуттук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаран 1973-жылы туулган аял кармалды. Ал каржы пирамидасын уюштурууга айыпталууда. Шектүү учурдагы ири каржы пирамидаларынын бири “Финико” компаниясына тиешеси бар. Ал Бишкек шаарында эле кирешелүү инвестицияны туураган алдамчылык долбоордун 15тен ашык филиалын ачкан. Алынган маалыматтар боюнча, 2019-2021-жылдар аралыгында алдамчылык аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 100 ашык жараны 1,283 миң АКШ долларынан ашык акчасынан кол жууган. Андан сырткары, шектүү эки жарандан алдамчылык жана чоң кирешени убада кылуу жолу менен 154 миң 300 доллардан ашык акчасын ээлеп алган деп шектелүүдө, -деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.

БАШКЫ БАЛАТЫНЫН ОТУ КҮЙӨТ

Бүгүн, 16-декабрь, саат 18:30да Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысынын оту жанат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Белгилей кетсек, быйыл балаты чоң фонтандын ордуна орнотулган.

Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилет.

Количество просмотров: 810