• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Адамды жүзүнөн тааныган камералар көбөйдү. Тургун 29 кг баңгизат менен кармалды

1 Бирдин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ӨЛКӨГӨ ДАГЫ АТАЙЫ ТЕХНИКАЛАР КЕЛЕТ

Кыргызстанга алдыда Россиядан гуманитардык жардам иретинде 40 даана өрт өчүрүүчү техника жана “Ми-8” тик учагы келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда Бишкекте атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, тизилип турган 100 даана атайын өрт өчүрүүчү техникадан тышкары, буга чейин эки заманбап тик учак, 58 өрт өчүрүүчү унаа, 81 инженердик техника жана 34 бирдик ар кандай техникалар алынган.

“Жакында Россиядан 20 млн долларга жакын суммага 40 өрт өчүрүүчү техника жана бир “Ми-8” тик учагы жардам иретинде келет. Андан кийин техника менен толук камсыз кылуу тууралуу айтсак болот”, — деди ал.

ТУРГУНДУН ҮЙҮНӨН БАҢГИЗАТЫ ТАБЫЛДЫ

Ала-Бука районунун тургуну 29 кг ашуун баңгизатты үйүндө сактап жүргөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Бул факты боюнча материал Ала-Бука райондук милициясында каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында максатысыз даярдоо») негизинде кылмыш иши козголгон.

Аталган иш боюнча тергөө тапшырманын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, соттун чечими менен шектүү 1969-жылы туулган жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, жалпы 29 кг ашуун баңгизат табылган.

Мындан сырткары, шектүү ошол эле айылдагы апасынын үйүндө сакталган 405 грамм болгон баңгизатты өзүнүн каалоосу менен өткөрүп берген. Тергөөнүн жүрүшүндө ал баңгизаттарды өзүнүн короосунда өстүрүп, ошондой эле талаадан чогултуп келерин жана өзү дагы колдонорун айткан.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

АДАМ ТААНЫЙ ТУРГАН ВИДЕОКАМЕРАЛАР ИШКЕ КИРДИ

Бишкек шаарында адамды жүзүнөн тааный турган 519 видеокамера бирдиктүү байкоо системасына кошулуп, иштей баштады. Ушу тапта шаарды толугу менен видео байкоого алуу үчүн ар бир районго камералык көзөмөл системасы орнотулуп жатат.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-февралда кабарлады. Кылмыштуулук менен күрөшүү максатында адамды жүзүнөн тааныган дагы 2 миң 177 камера коомдук жайларда иштеп жатат деп билдирет министрлик.

Шаардагы 519 камера министрликтин коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун көзөмөлүндө болот. Камералар 360 градус айланып, 500 метрге чейин аралыктагы адамдарды тааныйт.

«Учурда издөөдө жүргөн адамдарды кармоо, дайынсыз жоголгон адамдардын жүргөн жерин аныктоо, тартип бузууларды же мушташтын алдын алуу, кылмыштын бетин ачуу жана жарандарга ар кандай жардамдарды көрсөтүү процесстери жүрүүдө», — деп билдирди ИИМ.

Количество просмотров: 89