• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Айдоочу 11 жана 6 жаштагы эки өспүрүмдү сүзүп кеткен. Издөөдө жүргөн жаран кармалды

17 Жалган куран 2023 14:03 Бишкек Govori.TV

ТҮРКИЯГА ЖАРДАМ

Бүгүн, 17-март саат 09:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 108 млн 486 миң 717,46 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

АЙДООЧУ ӨСПҮРҮМДӨРДҮ СҮЗҮП КЕТКЕН

Сокулук районунда айдоочу 11 жана 6 жаштагы эки өспүрүмдү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен.  Маалыматка ылайык, кырсык 8-мартта саат 19:51лер чамасында Военно-Антоновка айылындагы Фрунзе жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишин катталган. «Белгисиз айдоочу 2012-жылы жана 2017-жылы туулган өспүрүмдөрдү сүзүп, токтобостон окуя болгон жерден из жашырып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада балдар Сокулук райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Кырсыкка шектүү айдоочуну 14-мартта гана кармоого мүмкүн болуп, ал 1985-жылы туулган жаран болуп чыккан. Кармалган жаран райондук милициянын Тергөө кызматына өткөрүлүп берген.

ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны А.А.К. кармалды.

Жогорудагы кармалган жаран жарандардын ишенимине кирип, КР УКМК жогорку жетекчилигинин атын жамынып алып, алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын алган.

Азыркы учурда, аталган А.А.К. жасаган кылмыштарынын бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 88