• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Айлык акы көтөрүлөт. Чүйдө эгин талаасы өрттөндү

20 Теке 2022 14:00 Бишкек Govori.TV


АЙЛЫК АКЫ КӨТӨРҮЛӨТ

Август айынан тарта бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык маянасы көтөрүлөт. Ал үчүн 7-8 млрд сом бөлүнөт. Мындан тышкары, октябрь айынан тарта пенсиянын да көлөмү 50 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда маалымат жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев айтты. «1-августтан тарта 58 миңге жакын мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлүүсү күтүлүүдө», — деп кошумчалады ал.

17 ЖАШТАГЫ ЖИГИТТИН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ

Ысык-Көл облусунун Барскоон капчыгайында 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматка ылайык, 19-июлда Барскоон капчыгайына козу карын тергени чыгып кеткен Кичи-Жаргылчак айылынын 17 жаштагы тургуну дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат саат 18:00 чамасында Жети-Ɵгүз райондук Ɵзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшкөн. Издѳѳ иштерине 12 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, түнкү саат 11де издөө токтотулган. Бүгүн таңкы саат 05:20да баланын жансыз денесин туугандары табышкан. Ал эми анын сөөгүн тоодон түшүрүүнү Өзгөчө кырдаалдар бөлүгүнүн адистери колго алышкан.

ЭГИН ТАЛААСЫ ӨРТТӨНДҮ

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда «Элдан Аталык» ЖЧКга тиешелүү 20 гектар эгин талаанын 10 гектары күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Маалым болгондой, 19-июль күнү саат 18:16да өрт тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 18:28де чектөөгө алынып, толук 18:46да өчүрүлгөн. Өрт эгинди чабуу иши жүрүп жатканда чыккан. Жалпы 20 гектар жердин калган 10 гектарын чабып алууга үлгүрүшкөн. Кырсыктан жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 382