• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Айрым мектептер аралыктан окууга өтөт. Коронавирустан 2 адам көз жумду

25 Жетинин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду.

Экөө тең эмдөөдөн өткөн эмес. Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2734 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 70 адамдан табылды.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 457 бейтап, амбулатордук түрдө 579 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 66 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 760 киши айыгып чыккан

МЕКТЕПТЕР АРАЛЫКТАН ОКУЙТ

Айрым мектептер аралыктан окууга өтөт. Белгилүү болгондой, шайлоо тилкеси жайгашкан билим берүү мекемелери 29-ноябрда, дүйшөмбү күнү дистанциялык түрдө окушат.

Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, мындай чечим санитардык нормалардын сакталуусун камсыздоо максатында кабыл алынган.

«Шайлоонун эртеси, дүйшөмбү күнү, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан мектепте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу шайлоо участкалары убактылуу жайгаштырылган мектептер жана бала бакчалар 29-ноябрда бир күнгө онлайн окутууга өткөрүлөт, ал эми калган мектептер жана бала бакчалар өз ишин штаттык режимде уланта беришет», — деп билдиришти министрликтен.

Ал эми Бишкектеги айрым мектептер эртең, тагыраагы жума күнү да аралыктан окуу чечимин кабыл алышкан.

Эске салсак, өлкөдө ЖК депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

ЭСЕП ПАЛАТАСЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРМАЛДЫ

Эсептөө палатасынын аудитору жана инспектору коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Билдирүүдө айтылгандай, УКМК тарабынан коррупцияга бөгөт коюу жана алдын алуу, анын ичинде контролдук-текшерүү функциялары бар мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоого, бөгөт коюуга жана алдын алууга багытталган системалуу иштерди улантууда.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук органдары тарабынан акцияларынын 100% мамлекетке тиешелүү болгон «Эйр Кыргызстан» ААКсында өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген коррупциялык фактылар аныкталды.

«Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алышып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 160 903 АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирилгендигин атайылап жашырышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган күнөөнүн төгүндөлгүс далилдерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору “С.З.” жана инспектору “О.Ж.” Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 385