• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Ак үйдүн тосмосу алынды. Өлкөдө COVID жуктургандар 60 миңден ашты

6 Жетинин айы 2020 14:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Өткөн суткада коронавирус 439 кишиден табылып, 512 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады. Ошол эле учурда коронавирус инфекциясын жуктурган үч бейтап каза болду. Ал эми коронавирус жуктурган 3615 бейтап амбулатордук шартта 3478 бейтап ооруканада дарыланууда. Өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын жалпы саны 61 748ге жетти. Анын ичинен 52 855и ооруну жеңип, 1 170 адам кайтыш болду.


АК ҮЙДҮН ТОСМОСУ АЛЫНДЫ

Бүгүн, 6-ноябрда Ак үйдүн имаратынын айланасындагы тосмолор алынды. 4-ноябрда депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланганда Ак үйдү айланта курчалган тосмону алып салууну сунуштаган. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев алынган тосмолор кампага коюлуп, алар эмнеге пайдаланылары кийин чечилерин айтты. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин административдик имаратын курчап турган темир тосмо туңгуч президент Аскар Акаевдин учурунда, 2000-жылдардын башында тургузулган.

МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИ КАРМАЛДЫ

Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси (“О.С.”) кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жетекчи бала бакчаны курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган. Бүгүн түштөн кийин Биринчи май райондук соту тарабынан анын бөгөт чарасы каралат. “Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчи кызматкерлери мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын бузуу менен иш алып барып, дээрлик 70 млн сомго бала бакча куруу үчүн атайылап пайдасыз келишимдерди түзгөндүгү аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 89