• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Акаев Кыргызстанга кайра келди. Аялын өлтүрүүгө шек саналып жолдошу кармалды

14 Бештин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 14-декабрга карата коронавирус дагы 36 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ал эми бир суткада 40 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 321 бейтап, амбулатордук түрдө 367 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184миң 27 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 80 киши айыгып чыкса, 2 миң 773 адам каза болду.

АКАЕВ БИШКЕККЕ КЕЛДИ

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келди. Маалыматка караганда, ал Москва — Бишкек рейси менен саат 04:40та уулу Илим менен бирге учуп келген.

Акаевдин Бишкекке эмне себептен келгени белгисиз. Аны жакшы билген саясатчылар да комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, ушул жылдын август айында Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, УКМКга Кумтөр боюнча сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, «Кумтөр» долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып, кыргызстандыктардан кечирим сураган.

АЯЛЫН ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛИП 48 ЖАШТАГЫ ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Сокулук районунда аялдын өлүмүнө шектелип анын жолдошу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-декабрь күнү милицияга аймактык ооруканага денесине ар түрдүү жаракат алган аял жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда жогорудагы аялдын өздүгү аныкталып, ал 1980-жылы туулган жаран экендиги белгилүү болгон, ал эсине келбей каза болгон.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Саламаттыкка оор зыян келтирүү) боюнча катталган.

«Жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон аялдын күйөөсү 1973-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, мас абалында уруша кетишип жыйынтыгында жубайы алган жаракаттарынан улам каза болгон. Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Количество просмотров: 289