• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: АКШдагы күчөп барататкан ызы-чуу

4 Кулжа 2020 14:10 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
Бүгүн, 4-июнга карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берди. Бүгүнкү күнгө карата дагы 28 адам коронавирус менен катталган
Жаңы жуктурган учурлардын ичинен 7 бейтап медицина кызматкери. Кыргызстанда жалпы 372 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп, алардын ичинен 270 адам айыкты. Ал эми жалпысынан өлкөдө 1292 бейтап айыкты. Ал эми оорукандагы 12 адамдын абалы оор, анын ичинен үч киши реанимацияда жатат. 74 адамдын абалы орточо оор, 501 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Оору жуктургандан кийин 20 адам каза болгон.


8-ИЮНДА МЕЧИТТЕР АЧЫЛАТ
2020-жылдын 8-июнунан тарта Кыргыз Республикасында диний мекемелерге – мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат. Мындай чечимди Республикалык штаб Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка диний мекемелердин өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алды. Бирок атайы санитардык талаптар так аткарылыы керек.

Флойддун өлүмү боюнча төрт полиция кызматкерине айып тагылды

АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө себепкер полиция кызматкерине тагылган айыптоолор оор беренелер менен алмаштырылды.

Бул тууралуу америкалык басылмалар Миннесота штатынын башкы прокурорунун кеңсесине шилтеме жасоо менен билдиришти

Үчүнчү даражадагы киши өлтүрүү айыбы менен камакка алынган Шовинге эми экинчи даражадагы киши өлтүрүү беренеси тагылууда. Ал 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Fox News маалымдагандай, Флойдду кармоого катышкан дагы үч полиция кызматкери камалды. Жей-Александр Куенг, Томас Лейн жана Ту Тао кылмышка көмөктөшүү жана шыкакчы болууга айыпталууда.

Төрт полиция кызматкери тең жумуштан бошотулган.

Жасалма акча үчүн айыпталган 46 жаштагы Жорж Флойд 25-майда полиция тарабынан кармалгандан кийин, ооруканада каза тапкан. Анын кармалган учуру тартылган видео Интернетке тараган. Анда полиция кызматкери Дерек Шовин Флойддун мойнун тизеси менен басып турганы, Жорж дем ала албай калганын айтып жатканы тартылган.

АКШда Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин рассалык теңсиздикке каршы толкундоолор токтобой элек. Өлкөнүн 40тан ашуун шаарларына коменданттык саат киргизилип, Улуттук гвардиянын аскерлери коомдук тартипти камсыз кылууга тартылды.

Беларустун өкмөтү кызматтан кетти

Өкмөттү кызматтан кетирүү тууралуу буйрукка президент Александр Лукашенко кол койгонун мамлекеттик “Беларус 1” телеканалы маалымдады.

3-июнда Лукашенко кеңешме өткөрүп, жаңы өкмөттүн курамына сунуштарды караган. Өкмөттү кайрадан куроо планын беларус президенти 25-майда жарыялаган.

Азыркы өкмөт премьер-министр Сергей Румастын жетекчилигинде 2018-жылы 18-августтан бери иштеп келе жаткан. Ага чейин Лукашенко Андрей Кобяковдун өкмөтүн “чарбачыл эмес” деген негиз менен кызматтан кетирген.

Беларусияда президенттик шайлоо 9-августка белгиленген. Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Лукашенко алтынчы жолу шайлоого катышууда.

Оппозиция талапкер чыгарбаганы менен шайлоо алдындагы өнөктүк учурунда массалык нааразылык акцияларын уюштуруп жатат. Мындай митингдер Минскиден тышкары дагы бир канча шаарларда жүздөгөн адамдардын катышуусунда өттү. Лукашенко шайлоо алдында “майданга” жол берилбесин эскерткен.

Жээнбеков өлкө аймактарынын жетекчилери менен видеоконференция өткөрүп жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда, өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен видеоконференция форматында жыйын өткөрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Аймактар менен санарип диалогдун максаты — өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана ошондой эле аймактардагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чараларды талкуулоо.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоевдин коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында алдыңкы санарип технологиялардын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун аралыктан окутуу формасынын келечеги жана кемчиликтери жөнүндө презентациялары болот.

Аймактардын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери өлкөнүн санариптик трансформациясы мамлекеттик саясатынын алкагындагы аймактарда иш-чаралардын жүзөгө ашырылышы жана коронавирус инфекциясынын жайылуусунун жер-жерлердеги терс кесепеттери менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришет.

Количество просмотров: 1580