• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Баласын сатууга аракет кылган аялга иш козголду. Бишкектеги атышуудан бир адам жаракат алды

12 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

БАЛАСЫН САТУУНУ КӨЗДӨГӨН АЯЛГА ИШ КОЗГОЛДУ

Екатеринбургда баласын сатууга аракет кылган кыргызстандыкка карата кылмыш иши козголду. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын Екатеринбургдагы башкы консулдугунун кызматкерлери РФнын Свердлов облусу боюнча Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү менен жолугуу өткөрдү.

«Тергөөчү билдиргендей, кармалган А.Н. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат. Учурда А.Н. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат жана бала Екатеринбургдагы социалдык мекемеге дайындалган. Башкы консулдук бул окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш алып барууда, ошондой эле КРнын шектүү жаранына адвокаттын жана котормочунун кызматтарын көрсөтүү менен консулдук-укуктук колдоо көрсөтүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Екатеринбургда кыргызстандык аял 300 миң рублга баласын сатууга аракет кылганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланып, кызуу талкуу жараткан.

МАЛ АЙДАП КЕТКЕН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ

Баткенде 30 жаштагы жаранды издөөгө куткаруучулар менен кошо жергиликтүү тургундао кошо тартылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, 2022-жылдын 7-август күнү Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын Д. Р. С аттуу 30 жаштагы тургуну Кишемиш жайлоосуна мал айдоого кетип, кечки саат 18:00 чамасында ат менен Дөгмөн жайлоосу аркылуу үйүнө кайткан бойдон дайынсыз болууда.

Издөө иштерине Баткен шаарындагы КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 3, Өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу, жергиликтүү элден 50 жаран, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнөн 7 кызматкер тартылган.

БИШКЕКТЕГИ АШЫШУУНУН ЧОО-ЖАЙЫ

Бишкекте атышуу болуп, 38 жаштагы адам жаракат алган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.

Окуя 7-август күнү болгон. “102” кызматына Карманская көчөсүндө белгисиз адам октон жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Кароо жүргүзүүдө белгисиз маркадагы тапанча, бир даана гильза табылган. Алдын ала маалыматка ылайык, 1984-жылы туулган жаран оң санына ок тийип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факты боюнча Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин («Бейбаштык”) негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалган.

Учурда шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 205