• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун авторлору боюнча талаш жаралды. Коронавирустан 1 адам көз жумду

3 Жалган куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 3-мартка карата дагы 48 адамга коронавирус жугуп, бир бейтап көз жумду. Мурда ооругандардан 49 киши сакайды.

Илдетке каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусун жугузгандардын саны 86 356 адамга жетти. Алардын 1668и кайтыш болуп, 83 318и айыкты.

Учурда ооруканада жаткандар 11 бейтап өтө оор, 100 киши оор, 240 адам орточо оор абалда.

Өлкөдө коронавирус алгач 2020-жылдын 18-мартында расмий катталган.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин саны 4 205ге жетти. Анын 4 186сы айыгып, 90дон ашууну каза болду.

ДЕПУТАТТАР РЕФЕРЕНДУМДУ ТАЛКУЛООДО

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттеги 3-марттагы жыйынында Конституциянын жаңы долбоорун жазган авторлорду тааныштырууну талап кылды.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Бактыбек Турусбеков авторлордун бири өзү экенин, бирок башкалар тууралуу маалымат бере албастыгын айтты. Ал парламенттик аппараттын техникалык кызматкерлери авторлор тууралуу маалыматты кагаз жүзүндө таратарын билдирди.

Анын алдында депутат Жанарбек Акаев да ушундай маселе көтөргөн.

Конституциянын долбоорун жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору парламенттин 3-марттагы сессиясында талкууланууда.

Депутаттар Дастан Бекешев, Ирина Карамушкина Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда элдин эркин чектеген жоболор бар экенин билдиришип, «кийин маселе жаралса ким жооп берет?» деген суроо коюшту.

ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында бүгүн, 3-мартта Мамлекеттик туу күнүн кабыл алгандыгынын 29 жылдыгы белгиленди.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, иш-чарага борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командири Талантбек Эргешов, акимдер, шаардык кызматтардын башчылары катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Мамлекеттик туунун авторлору — Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.

Количество просмотров: 84