• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Баткенде чек араны тактоо боюнча жолугушуу өттү. Улуттук банк доллар сатты

7 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРА БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

1-декабрдан 6-декабрга чейин Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын эки республиканын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Баткен шаарында өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жалпы узундугу 17,66 км болгон кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын аяктап, ишти улантуу максатында 2023-жылга карата жолугушуулардын графигин макулдашышты.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү таризинде өттү. Тараптардан кийинки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өтөт.

УЛУТТУК БАНК ДОЛЛАР САТТЫ

 6-декабрда КР Улуттук банкы валюта рыногуна 59,5 млн АКШ долларын сатты. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна жети жолу интервенция менен чыгып, акыркыны кошкондо жалпы 331,5 млн доллар сатты, анын ичинен 66 млн 650 миң доллары накталай, калган сумма накталай эмес сатылган. Буга чейинки интервенция 16-ноябрда болгон. Анда 55,2 млн доллар сатылган.

Ошондой эле Улуттук банк жыл башынан бери жалпы 190 млн 740 миң доллар сатып алган.

Кошумчалай кетсек, валюталык интервенция Улуттук банк тарабынан алмаштыруу курсунун кескин кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында жүргүзүлөт.

КАДАМЖАЙДА УНАА ЖАРЫЛДЫ

Кадамжай районунда өзбек жаранынын унаасы жарылып кеткен. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,6-декабрда саат 10:00дөр чамасында өзбек жараны “Деу-Лассети” үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, Риштан-Сох автожолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен.

Жарылган унаада жалпысынан 4 өзбек жараны болгон, жабыркагандар болгон эмес.

Бул факты Кадамжай районунун маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 254