• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бийликти басып алууга камынып жаткандар кармалды. COVID-19дан үч адам каза болду

26 Жетинин айы 2021 14:10 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда үч адам каза болду.

Үчөө тең эмдөөдөн өткөн эмес. Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2737 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 74 адамдан табылды. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Ош шаары менен Нарын облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

Бир суткада 108 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 440 бейтап, амбулатордук түрдө 557 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 140 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 869 киши айыгып чыкса, 2 миң 737 адам каза болду.

БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУНУ КӨЗДӨГӨНДӨР КАРМАЛДЫ

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландап жаткан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча,  УКМКнын кызматкерлерине адамдардын тобу парламенттик шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууну көздөп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 38-309-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен катталган.

УКМК билдиргендей, курамында Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку кызмат адамдары бар саясий күчтөр жетектеген топтун кылмыштуу ишмердүүлүгү жөнүндө далилдер алынды.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин адамдардын тобу бир катар саясатчылардын колдоосуна таянып (анын ичинде шайлоодо жеңилгендер да болмок), Бишкек шаарында массалык нааразычылык акцияларын уюштурмак. Андан соң митингчилер менен күч органдарынын кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу уюштуруу үчүн провокация жасап, бийликти басып алышмак.

Ал үчүн адамдардын тобу агрессивдүү маанайдагы 1 миңдей жигит топтогон. Алар баш аламандык уюштурушмак.

Бүгүн, 26-ноябрда тергөөчүлөр бийликти күч менен басып алууну пландап жаткан топтун активдүү мүчөлөрүнүн үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргүзүштү. Ал жактан бийликти күч менен басып алууга даярдык жүрүп жатканын тастыктаган документтер, курал-жарак, ок-дары жана баңгизат табылды.

Учурда кылмыштуу топтун 15тен ашуун мүчөсү кармалды жана башка шектүүлөр аныкталууда.

КАРДАН ТАЗАЛОО ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Бишкек шаарында жолдорду кардан тазалоого иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол тазалоо иштерине 38 атайын техника, 26 кар тазалоочу унаа, 4 кичи трактор тартылды.

«Жол тазалоо иштери таңкы саат 4:00дө башталган. Мындан тышкары 650 көчө шыпыргыч штаттык негизде иштеп жатат. 133 көчөгө 20 тонна туз керектелди. Учурда «Тазалык» кызматкерлери жолдорду кардан тазалоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 488