• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекке заманбап автобустар келет. Аңчылык кылган жаран айыпка жыгылды

15 Жетинин айы 2022 14:04 Бишкек Govori.TV

АЙДООЧУ ЖАРНАК ТАКТАСЫН СҮЗДҮ

Бишкекте айдоочунун унаасын башкара албай калып, жарнак тактасын сүзгөн. Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кырсык кече 16:00дөр чамасында болгонун билдирди.

««Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Горький көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, 7-апрель көчөсүнөн солго бурулуп жатып унааны башкара албай жолдогу жарнама тактасын сүзүп токтогон», — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктан жабыркагандар жана жабыркагандар болгон жок. Унаа токтоочу жайга киргизилген. Окуянын себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.

ЖАҢЫ АВТОБУСТАР КЕЛЕТ

Жыл аягына чейин Бишкек шаарына көп орундуу жана заманбап үлгүдөгү 120 автобус келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган автобустарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

“Негизи 1 млрд сомго 100 автобус сатып алуу пландалган. Бирок, биз каражатты үнөмдөө жаатында бир топ иш-чараларды жүргүзүп, 100 автобустун ордуна 120 автобус сатып алганы жатабыз”, — деди ал.

Нусувалиев белгилегендей, бул автобустар бир айдын аралыгында келет.

АҢЧЫЛЫК КЫЛГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Талас облусунун Талас районунда канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылып жүргѳн жаран кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда ал жарандын жанынан мыйзамсыз олжолонгон бир чил жана ок атуучу курал табылган.

Жыйынтыгында жеринде протокол түзүлүп, 15 миң сом айып салынды.

Количество просмотров: 80