• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте айрым айдоочулар иш таштады. Өлкө аймагында бир суткада 13 өрт чыкты

18 Үчтүн айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

18-январга карата Кыргызстанда дагы 69 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте үч бейтап көз жумду. Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 83 178 адамга жетти. Жалпы ооругандардын ичинен 79 104 адам сакайды. Оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1387 адамга жетти.

АЙРЫМ АЙДООЧУЛАР ИШ ТАШТАДЫ

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарындагы айрым кичи автобустардын айдоочулары ишке чыккан жок. Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 07:30га карата маршруткалардын 45 пайызы жумушка чыккан. Мэрия бардык коомдук транспорт штаттык режимде ишин улантарын айтып, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айдоочуларга кайрылуу жасады. Белгилей кетсек буга чейин коомдук транспорттун айдоочулары жол акысыны 15 сомго көтөрүүнү талап кылышып, эгер алардын талабы ишке ашпаса, иш таштоого бара турганын билдиришкен.

ӨЛКӨДӨ БИР СУТКАДА 13 ӨРТ ЧЫКТЫ

Акыркы суткада Кыргызстандын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмү жөнөтүлгөн. “Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 5 өрт кырсыгы катталды”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 131