• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте энелер жүрүшкө чыгышты. Өгөй кызын зордуктоого шектелип 35 жаштагы жаран кармалды

16 Бугу 2022 13:59 Бишкек Govori.TV

ЭНЕЛЕР ЖҮРҮШКӨ ЧЫКТЫ
Энелер күнүнө арналган майрамдын урматына карата Бишкекте өлкөнүн 7 облусунан келген энелердин жөө жүрүшү өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Катышуучулар «Россия» кинотеатрынан баштап Горький сейил багына чейин басышты, сейил бакта концерттик программа, мастер-класстар жана энелер жасаган улуттук буюмдардын жарманкеси уюштурулду.
Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда Энелер күнү белгиленип, ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл майрам 15-майга туш келди

АЛА-ТОО АЯНТЫ УНААЛАР ҮЧҮН ЖАБЫЛДЫ
Бүгүндөн тартып «Ала-Тоо» аянтынын автоунаа жүргөн бөлүгү убактылуу жабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жол оңдоо иштерине байланыштуу Ала Тоо аянтынындагы Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү бир аптага жабык болот.

ӨГӨЙ КЫЗЫН ЗОРДУКТООГО ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
Сокулук районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-майында милицияга М.Ч., жээнин күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал көп жылдан бери 14 жаштагы өгөй кызын зордуктап жүргөнүн айткан. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси «Зордуктоо» боюнча кылмыш иши козголгон.
Укук коргоо кызматкерлери арыз ээсин суракка алышкан. Аял белгилегендей, 36 жаштагы жээни 2022-жылдын 3-майында жашы жете элек кызын май айынын дем алыш күндөрүнө таштап кеткен. Кыз тууганына өгөй атасы менен жакын мамиледе болгонун айткан.
35 жаштагы С.А аттуу жаран (өгөй атасы) кармалып, ал сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алып, жыныстык катнашта кыздын өзүнүн макулдугу менен болгонун айткан. Ал тергөө абагына жайгаштырылып, керектүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 173