• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Бишкекте муниципалдык жер бошотулду. Сел жүргөн аймакка министр барды

3 Баш оона 202314:00 Бишкек Govori.TV

23 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

Кыргызстандын аймагында бир суткада 23 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 27 бөлүм тартылган.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 4, Ош шаарында 1, Ош облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.

Ал эми Куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болду.

СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАККА МИНИСТР БАРДЫ

Нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Байзак айылындагы 6 турак үйдүн жана Кең-Суу айылындагы 2 үйдүн жер төлөсүн каптаган.

Маалыматка караганда, облуста жумушчу сапар менен жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аталган аймакка барып, абал менен жеринен таанышты.

«Жергиликтүү тургундар менен жолуккан министр түнү менен суу кирген үйлөрдүн жер төлөлөрү тазалана турганын, таң эрте жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тартылып, жабыр тарткан башка турак үй жана айдоо талааларын аныктап чыгып, тиешелүү иштер жүргүзүлөт деп баса белгиледи»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда жогорудагы айылдардагы турак үйдүн короо жана жер төлөсүн ӨКМдин куткаруучулары тазалоодо.

МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАР АЛЫНДЫ

Бишкектин Бакаев көчөсү 140/5 дарегинде жайгашкан муниципалдык аймакка мыйзамсыз орнотулган темир тосмолор алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштин жүрүшүндө 151 метрди түзгөн темир тосмо жана 40 тонналык эки контейнер алынды. Мыйзамсыз тосмодон бошотулган муниципалдык жердин жалпы аянты 1 миң 400 чарчы метрди түзөт.

Буга чейин мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Количество просмотров: 79