• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте теракт уюштурууну көздөгөн согушкер кармалды. COVID-19дан Бишкекте бир адам каза тапты

18 Бирдин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 18-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан Бишкекте бир адам каза тапты​. 70 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1447 кишиге жетти.

Пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 689 адамды түздү. 82 525 адам айыгып чыкты.

Ооруканада 418 бейтап дарыланууда, алардын 125инин абалы оор, 21и өтө оор абалда. 360 киши үйүнөн дарыланып жатат.

ТЕРРОРДУК УЮМДУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында Кыргызстандын мурда издөөдө жүргөн жараны (С.А.С.) Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Тергөө учурунда такталгандай, кармалган адам эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон жана 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп кеткен. Ал ошол жылы жашыруун террордук уюмдардын курамында жүрүп, борбор калаада теракт уюштурууну көздөгөн. Ал өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө эле.

Кармалган киши УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иш-чаралары башталды

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 2 АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 236-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган. Куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жабыркаган адамдарды Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.

Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы 3 куткаруучу Камаз унаасы менен чыгышып, унааны жылдырып беришкен.

Количество просмотров: 93