• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте унаа оодарылып калды. Көмүрдүн баасын төмөндөтүү тапшырмасы берилди

9 Жетинин айы 2022 14:03 Бишкек Govori.TV

БИШКЕКТЕ УНАА ООДАРЫЛЫП КАЛДЫ

Бишкектин А.Токомбаев көчөсүндө Foton үлгүсүндөгү унаа оодарылып калган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 9-ноябрда болжол менен саат 01:17 чамасында 1987-жылы туулган И.Т аттуу айдоочу “Фотон” үлгүсүндөгү авто унааны А.Токомбаев көчөсүнөн чыгышты көздөй башкарып бара жатып, авто унааны башкара албай жолдун ортосундагы тоскоолдуктарды сүзүп токтогон.

Жол кырсыгынан жаракат алгандар жок. Азыркы учурда авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

КӨМҮРДҮН БААСЫН ТҮШҮРҮҮ ТАПШЫРМАСЫ

Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунда көмүр сатуучуларга эки күндүн ичинде көмүрдүн баасын төмөндөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ ведомствонун төрагасы Кеңешбай Тайлаков аталган райондорго текшерүү жүргүздү.

«Сокулук районунда Кара-Кеченин көмүрү тоннасы 4,4 миң сомдон сатылууда. Сокулук жана Москва райондорунда Казакстандын Шабыркүл көмүрүн саткан сатуучуларга эки күндүн ичинде көмүрдүн баасын төмөндөтүү керектиги эскертилди», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, катуу отунга болгон баалардын мониторингинин негизинде 9-ноябрдан тарта республиканын ар бир районунда жана Бишкек жана Ош шаарларында нарктын максималдуу деңгээли белгиленет. Көмүрдүн баасы килограммына да, тоннасына да белгиленет. Бааны убактылуу жөнгө салуу 90 күндүк мөөнөткө киргизилген.

ТҮРКИЯНЫН ИИМ БАШЧЫСЫ “АТА-БЕЙИТКЕ” БАРДЫ

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун жумушчу сапарынын алкагында бүгүн, 8-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Иш-чарага КР ички иштер министри Улан Ниязбеков жана ИИМдин кызматтарынын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту.

Количество просмотров: 103