• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкектеги «Айчүрөк» соода борбору текшерилди. Үч эм төрөлдү

22 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

“АЙЧҮРӨК” СООДА БОРБОРУ ТЕКШЕРИЛДИ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт көзөмөлдөө боюнча кызматкерлери тарабынан борбор калаадагы «Айчүрөк» соода борборуна пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында соода борбордун жооптуу кызматкерлерине өрт кырсыгын болтурбоо, алдын алуу, өрт өчүрүүдөгү алгачкы каражаттарды көрүнөө жерге жайгаштырууну, ар дайым иштеп тургандыгын байкоого алууну түшүндүрүштү.

Соода түйүнүндөгү өрт кырсыгынын келип чыгышын шарттаган эрежелердин бузулушун калыбына келтирүү жөнүндө эскертүү берилди.

ҮЧ ЭМ ТӨРӨЛДҮ

Бишкекте 37 жаштагы Нурзида Садырбаева үч эм эркек балдарды жарыкка алып келди.

Маалыматка ылайык, ымыркайлар Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген. Алар 2360 грамм, экинчиси 1900 грамм, үчүнчүсү 2490 грамм салмакта төрөлдү.

Белгиленгендей, учурда эненин абалы канааттандырарлык.

БИШКЕКТЕН КУВЕЙТКЕ КАТТАМДАР КӨБӨЙДҮ

2022-жылдын 30-декабрынан тарта Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча кошумча чартердик каттамдардын ачылышы пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Jazeera Airways авиакомпаниясы Бишкектен Кувейтке каттамдарды 2022-жылдын 30-декабрында жана 2023-жылдын 1, 2, 4, 13, 15, 19-январында аткарганы турат.

Буга чейин көрсөтүлгөн багыт боюнча жумасына 4 туруктуу каттам аткарылып келген — дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума күндөрү.

Количество просмотров: 351