• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чүйдө браконьерлер кармалды. Баш калкалоочу жайда адам өлтүрүлгөн

20 Бештин айы 2022 14:03 Бишкек Govori.TV

ТАЛАСТА ОКУУЧУ АСЫНЫП АЛГАН

Таласта 14 жаштагы окуучу асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын тургуну 2008-жылы туулган өспүрүм үйүндө каза болгондугу жөнүндө билдирүү түшкөн.

Аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, Бакай-Ата РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу жеринен барып текшерүү жүргүзгөн.

«Өз үйүнүн артында асынып каза болгондугу аныкталган. Анын жансыз денеси 2022-жылдын 18-декабрында жерге берилди. Бул окуя боюнча жакындары эч кимге арыз дооматы жоктугун билдирген»,-деп айтылат маалыматта. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

БАШ КАЛКАЛООЧУ ЖАЙДА АДАМ ӨЛТҮРҮЛГӨН

Бишкекте үй-жайсыз жарандар үчүн баш калкалоочу жайда адам өлтүрүлгөн. Октябрь райондук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 19-декабрда саат 23:30дар чамасында “102” кызматына баш калкалоочу жайлардын биринде адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери жеринде 38 жаштагы  эркек кишинин сөөгүн табышкан. Аталган факты Кылмыш кодексинин 122-беренеси (“Киши өлтүрүү) боюнча иш козголгон.

Шектүү катары 65 жаштагы жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иши уланууда.

ЧҮЙДӨ БРАКОНЬЕРЛЕР КАРМАЛДЫ

Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз аңчылык кылган 12 браконьер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаратылышты коргоо мыйзамын бузгандардан аңчылык мылтыктар жана мыйзамсыз атылган канаттуулар алынды.

Жалпысынан 130 миң сом айыппул салынып жана 35 миң сом доо коюлган. Бардык фактылар боюнча протоколдор түзүлдү.

Мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 206