КОРОНАВИРУС АКЫРКЫ АБАЛ
Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын 25-майда берген маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен дагы сегиз бейтап каза болду. Алардын баары Бишкекте.
Коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары расмий эсепте 1765 кишиге жетти.
Соңку бир күндө дагы 298 адамга илдет жукканы аныкталды.
Расмий маалыматка караганда, ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны 103 000 адам жугузуп алды. Алардын 96 433ү айыкты.
Өлкөдө 29-марттан бери Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Жарандардын 72 миңден көбү вакцина алды.
25-МАЙ – АКЫРКЫ КОҢГУРОО
Быйыл Кыргызстанда 11-классты 61 546 өспүрүм аяктап жатат. Ал эми 9-классты 103 414 окуучу бүтүрдү.
Министрлик коронавирус пандемиясынан улам өлкө аймагында «Акыркы коңгуроо» салтанатын онлайн өткөрүү тууралуу буйрук чыгарган. Бишкектеги айрым муниципалдык жана жеке менчик мектептерде азем гигиеналык эрежелерди сактоо талабы менен уюштурулду.
Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында коомдук тартипти 3 391 милиция көзөмөлдөп жатат.
Буга чейин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүрүп, «таң тосуу», жаратылышка эс алууга чыгуу, ресторан, кафелерде кече уюштурууга болбой турганы эскертилген.
Кыргызстанда жалпы 2 296 мектеп бар. Коронавирус пандемиясынан улам «Акыркы коңгуроо» салтанаты былтыр да уюштурулган эмес.
11 ЖАШТАГЫ БАЛА СУУГА АКТЫ
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 11 жаштагы өспүрүм жайлоого мал айдап бара жатып, аты менен кошо сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 24-майда болгон. Анда Жаңы-Жол айыл аймагындагы Терс айылынын 2010-жылы туулган бала жайлоого мал айдап бара жатып мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен сууга түшүп кеткен.
Жерине ӨКМнын өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, 8 чакырым суусунун жээгин издөө иштерин жүргүзүшүп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн, 25-май күнү дагы улантылат.