• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: COVID-19дан дагы 6 киши каза болду. АКШ элчилигинин алдындагы митинг бүгүн да уланды

17 Баш оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

17-августка карата Кыргызстанда 341 адам илдет жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Коронавирустан дагы алты киши каза тапты. Жалпысынан былтыр март айынан бери коронавирус менен ооругандардын саны 172 668 адамды түздү. Оорудан 163 810 киши сакайды. Вирустан көз жумгандардын жалпы саны 2457 кишиге жетти.

Ушул тапта ооруканаларда 3067, ал эми стационарда 1920 киши дарыланууда. Кыргызстанда коронавирус 2020-жылдын 18-мартында алгачкы жолу катталган.

МЕГАКОМДУ САТУУ БОЮНЧА КОМИССИЯ ТҮЗҮЛӨТ

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров «Мегаком» бренди менен белгилүү «Альфа Телеком» мамлекеттик компаниясы боюнча атайын комиссия түзүлүп, иштеп чыккандан кийин сатыкка коюларын билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөргөн маалымат жыйында айтты. Жогорку Кеңештин токтому чыкканы менен дароо эле соода башталбайт. Ага чейин кайра баалоо иштери жүрөт. «Альфа Телеком» стратегиялык мекеме болгондуктан атайын комиссия түзүлөт. Бардык иштер ачык жүргүзүлөт”, — деди Бакиров.

Жогорку Кеңеш 30-июлда Министрлер кабинетинин «Альфа Телеком» мамлекеттик компаниясын (100% акциясын) сатуу сунушун колдогон. «Мегаком» компаниясынын баасы бычылгандан кийин аукцион, конкурс же түз сатылат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду буга чейин “Менчиктештирүү–2020-2022” деген программанын алкагында 25 мамлекеттик мүлктү сатыкка чыгарган.

АКШ ЭЛЧИЛИГИНИН АЛДЫНДА МИТИНГ ӨТТҮ

Бишкек шаарындагы АКШ элчилигинин алдында бүгүн, 17-августта дагы митинг уланып жатат. Алгач кечээ, 16-августта чогулган жарандар Нью-Йорк эл аралык сотунан «Центерранын» «Кумтөр Голд Компани» компаниясын банкрот деп жарыялоо жөнүндө өтүнүчүн четке кагууну талап кылышкан.

Уюштуруучулардын өкүлү Канышай Рысбаева Нью-Йорк эл аралык сотунун «Центерранын» өтүнүчүн караган отуруму 17-августта болорун айткан. «Нью-Йорк эл аралык соту бизге көңүл буруп, «Центерранын» мыйзам бузууларын эске алсын деп чыктык. Сот Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарат деп күтөбүз», — деди Рысбаева.

Количество просмотров: 118