• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Дача СУ боюнча комиссия экс-премьрдин  маалыматын угат. Милиция бөлүмүнүн башчысы пара менен кармалды

26 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЧОЛПОН-АТАДА ЕАЭБ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Чолпон-Атада КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады.

КР министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө көтөрүлгөн бардык маселелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

“Кол коюлган келишимдер интеграциянын бардык катышуучуларына жемиштүү жыйынтык алып келет деп ишенем”, — деди ал.

Эскерте кетсек, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда интеграциялык биримдиктин алкагында бир катар актуалдуу маселелер каралды.

Жалпысынан күн тартибинде 9 маселе болгон, анын жетөөсү тар курамда, ал эми экөөсү кеңейтилген курамда каралды.

Кол коюлган документтердин толук тизмеги кийинчерээк жарыяланат.

“ДАЧА СУУ” КОМИССИЯСЫ АБЫЛГАЗИЕВДИН МААЛЫМАТЫН УГАТ

Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссия кезектеги жыйынына мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди чакырат. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов  кабарлады. Комиссиянын кийинки отуруму сентябрдын башына белгиленген.

«Буга чейин жабыркагандарга деп чогултулган каражат бюджетке ишетилип кеткен деген маалыматтар болгон. Мурдагы премьер ушул тууралуу маалымат бериши керек», — деди ал.

Эске салсак, 2017-жылдагы «Манас» аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна кулаган учак кырсыгынын жагдайларын иликтөө боюнча коомдук комиссия май айында түзүлгөн. Анын курамына саясатчылар, журналисттер жана активисттер кирген.

МИЛИЦИЯНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ КАРМАЛДЫ

Бишкек шаардык Ленин РИИБ 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү («Опузалап пара талап кылуу») боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ленин райондук ИИБ 1-ШМБ башчысы, милициянын подполковниги Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалды, анын аракеттеринде жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

Ал 25-августта УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 1111