• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Дарыяга түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды. Диний окуу борборлорго рейд жүрдү

4 Теке 2023 14:29 Бишкек Govori.TV

ДАРЫЯГА ТҮШҮП КЕТКЕН АДАМДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын дарыясына экскаватору менен түшүп кеткен жарандын сөөгү табылганын 4-июлда билдирди.

Мекеменин билдиришинче, издөө иштеринин натыйжасында Нарын шаарынын тургуну, 68 жаштагы Ө.Ү. аттуу экскаваторчунун сөөгүн таап, куткаруучулар суудан чыгарып ИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында суу курулмасына коркунуч жаратып жаткан Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө учурунда экскаватору менен түшүп кеткен.

ӨРТТӨН ЖАБЫРКАГАН ЖАРАН КӨЗ ЖУМДУ

Чүйдүн Шопоков шаарында мунай кампасындагы өрттөн жабыркап, ооруканага түшкөн эки кишинин бири каза болду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, оор күйүк алган бейтап үч күндөн кийин көз жумган, экинчисинин абалы жакшырып, дарылануусун уланып жатат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда Шопоков шаарында темир жол бекетине жакын жайгашкан мунай базасынан өрт чыккан. Анда жабыркаган төрт кишинин экөө Бишкектеги Тез жардам ооруканасына санавиация менен жеткирилген. Бирөөнүн абалын дарыгерлер өтө оор деп мүнөздөп жатышкан, анын денесинин 95% күйгөн. Экинчисиники канааттандырарлык, аныкы денесинен 15% күйүк алганы маалымдалган.

ДИНИЙ ОКУУ БОРБОРЛОР ТЕКШЕРИЛДИ

Жалал-Абад шаарында жайгашкан диний окуу борборлорго рейд жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейдге шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, санэпидкөзөмөл борборунун, өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Алар медреселерге, мечиттерге коюлган талаптардын аткарылышын кароодон өткөрүштү. Алардын айрымдарында көп санда балдардын окутулуп жаткандыгы аныкталып, айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилди.

Алдыда шаардагы мечит, медреселер менен катар алар уюштурган жайкы лагерлерге да рейд жүргүзүлмөкчү.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 37 мечит, 22 намазкана, эки балдар, эки кыздар медресеси жана бир окуу борбору бар.

Количество просмотров: 78