• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Депутат ири маңзат соодасына шек саналып кармалды. Коронавирустун саны өстү

9 Кулжа 2021 14:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы беш бейтап каза болду. Алардын бирөө Бишкекте, экөө Чүйдө, дагы экиси Ош облусунда катталды. Муну менен илдеттен каза тапкандардын жалпы саны 1864 кишиге жетти.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 9-июндагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 459 кишиден вирус жаңы аныкталды. Анын көбү Бишкекте (183). Мурда ооруп жаткандардын ичинен 331 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 108 173 киши вирус жугузуп алды. Анын 101 364ү сакайды. Учурда 1818 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 106 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

ДАШКОВ КАРМАЛДЫ

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков камакка алынды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы  билдиргендей, ал 8-июнда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, Дашков «»Кыргыз темир жолу» ишканасын башкарып турган кезде, 2020-жылдын май айынан декабрга чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон. Андан тышкары, жең ичинен коротулган 490 миллион сом тууралуу да сөз болууда. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1,5 миллиард сомго бааланган.

Василий Дашков 18-майда да кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган. Атайын кызмат ал ошондон бери зыяндын ордун толтурбаганы үчүн камакка алынын билдирди. УКМК «Кыргыз темир жолундагы» жемкорлукка шектүүлөрдүн арасында Дашковдун уулу да бар экенин билдирген.

ДЕПУТАТТЫН ҮЙҮНӨН АКЧАЛАР ТАБЫЛДЫ

Кадамжайда жергиликтүү кеңештин депутаты эл аралык маңзат соодасына шек саналууда. Аны менен кошо дагы эки тургун камалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 9-июнда билдиргендей, ал кезектеги маңзат партиясын Өзбекстанга жөнөтүп жаткан учурда колго түшкөн. Тергөөнүн баштапкы божомолуна ылайык, 50 кг ашуун маңзат жана 250 миң доллар колго түшүрүлгөн.

Мындан тышкары, орган кызматкерлери депутаттын жана анын агасынын жашаган жерин, автоунааларын тинтип, 37 кг ашуун марихуана, 9 кг чийки апийим, 4 кг гашиш, мыйзамсыз курал, 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 сум (өзбек валютасы) жана 106 миң сом табышкан. Депутаттын аты-жөнү ачык айтыла элек. Ал маңзатты тараткан, Тажикстандан алып, Өзбекстанга ташыган деп шек саналууда. Кармоо үчүн атайын операция уюштурулган.

Маңзат соодасына аралашкандар Тажикстандын жарандарынын арасынан да изделүүдө.

Кыргызстандын жергиликтүү кеңештерине уюшма кылмыш топторунан депутат болуп келиши, аткезчиликти калкалап жатканы тууралуу буга чейин бир канча жолу маселе көтөрүлүп, парламентте нечен сөз болгон. 

Количество просмотров: 124