• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Депутат Таштанбеков абактан чыкты. Коронавирус жуктургандар көбөйдү

11 Үчтүн айы 2022 14:11 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС КӨБӨЙҮҮДӨ

Кыргызстанда 11-январга карата коронавирус 348 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде эң коп учур Бишкек шаарында катталган.

Акыркы суткада 85адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 475 бейтап, амбулатордук түрдө 1 196 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 413 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 432 киши айыгып чыкса, 2 миң 821 адам каза болду.

ОТОРБАЕВГЕ ӨКҮМ ЧЫКТЫ

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 30-декабрындагы өкүмү менен Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сот Оторбаевге карата 3 миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, 300 миң сом өлчөмүндө айып салды.

Эске салсак, Оторбаев 2021-жылдын сентябрь айында «Кумтөр» ишине байланыштуу камакка алынган.

УКМКнын абагына камакка алынган мурунку премьер-министр Оторбаев соттун чечими менен 20-ноябрда сыртка чыкпоо талабы менен абактан бошотулган болчу.

Ал арада Кумтөр иши боюнча камакка алынган мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасы өзгөрттүлүп, сыртка чыкпоо тил каты менен камактан чыккан.

ДЕПУТАТ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Мындай чечим Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда кабыл алынды.

“Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2022-жылдын 10-январындагы чечими менен Акбөкөн Таштанбековго карата камакка алуу түрундөгү баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо тил катына өзгөртүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголгон. 2021-жылдын 6-декабрында КР БШК А.Таштанбековду КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Ошол эле күнү А.Таштанбеков айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Количество просмотров: 150