• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Эки дубалга кыпчылып калган адам куткарылды. Блогер Исаков милицияда сурак берди

6 Бирдин айы 202314:00 Бишкек Govori.TV

ЭРКЕК КИШИ ДУБАЛГА КЫПЧЫЛЫП КАЛГАН

Бишкекте эркек киши эки дубалдын ортосуна кыпчылып, эсин жоготуп койгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга Репина көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дубалы менен гараждын дубалын ортосунда эркек киши (аты-жөнү такталууда) кыпчылып, чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, эс-учун жоготкон, болжол менен 60-65 жаштагы азиат улутундагы эркек кишини чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КАДАМЖАЙДА АЯЛДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Кадамжайдагы Исфайра дарыясынан 39 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «102» кызматына Исфайрам дарыясында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, чыгарып берүүнү суранган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп бергенде. 1984-жылы туулган Ч.З. аттуу аял экендиги аныкталган.

ИСАКОВ СУРАК БЕРДИ

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жазды.

Күн мурун Исаков милицияга аны оозеки чакырышканын, колуна чакыруу тие электигин билдирген. Анын айтымында, алгач ага Ички иштер министрлигинен байланышып, кийин шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалган. Алар журналисттин интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Журналист өзү кеп болуп жаткан видео азыркы президент тууралуу болушу мүмкүн деп болжоп жатканын айткан. Анда Ыдырыс Исаков Садыр Жапаров камакта жаткан маалдагы видеолорунун биринде сыпаттама берип сүйлөгөн. Ал видеону белгисиз адамдар кыркып, жаңылап, кайрадан Тик-Ток жана башка социалдык түйүндөргө таратып жиберишкен.

Количество просмотров: 178