• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Эркин Мамбеталиев ИИМге белек кылган унаалардын баасы айтылды

9 Тогуздун айы 2019 16:12 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=PhWhZoE_sx8&feature=youtu.be&fbclid=IwAR3OqxcMgNqooNCnW4_rFzI8SEokmWhOonSApPaB3dyCCsv7FbBIKDgrXk0

АТАМБАЕВДИН ЖАНСАКЧЫСЫ БЕРГЕН ОК ӨТПӨГӨН УНААЛАР ТАЛАШКА ТҮШТҮ

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин экс-жансакчысы Эркин Мамбеталиев Баткенде белекке берген эки ок өтпөөчү жол тандабастары ИИМдин ички түзүмү жана Чек ара кызматынын ортосунда талашка калган. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар кабарлады.
Маалым болгондой, алгач Мамбеталиев өзүнүн короосундагы ар биринин баасы 62 миң долларды түзгөн, ок өтпөгөн эки автоунаасын чек арачыларга белекке берүү сунушун айткан. Ал эми Чек ара кызматы бул сунуштан баш тарткандан кийин, Мамбеталиев унааларын Ички Иштер Министрлигине берген. Бирок, Чек ара кызматы Өкмөткө кайрылуу кылып жол тандабас унааларды кайра өздөрүнө алдырып алышкан.
Эске салсак, кечээ Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткен облусуна барып, чек арачыларга эки унаа белек кылды деген маалымат тараган. Бирок, Чек ара кызматы аларга эч кандай унаа белекке берилбегенин, ал эми жол тандабастар ИИМдин ички түзүмүнө берилгенин айтышкан. Ал эми Баткен милициясы бул туурасында маалымат таратып унааларды алар да белекке албаганын айтышкан.

ТАЗАБЕК ИКРАМОВ АРДАГЕРЛЕР АРАСЫНДА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КОЛО БАЙГЕ ТАГЫНДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов грек-рим күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатында коло байге тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун unitedworldwrestling.org сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтүп жаткан ардагерлердин дүйнө чемпионатында Икрамов 70 килограмм салмакта күрөшүп, түркиялык ардагер балбан Орхан Тикацты жеңип алган.
Кошумчалай кетсек, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты 45-50 жаштагы ардагер балбандардын жарышында өткөн жылы да катышып, финалга чыга албай калган. Коло байге үчүн күрөштө швед балбаны менен 4:4 тең чыгуу болуп, акыркы ыкманы жасаган балбанга артыкчылык берилген эрежеге ылайык жеңиш атаандашына ыйгарылган.

БИШКЕК-ОШ ЖАНА ОШ-БИШКЕК БАГЫТЫ БОЮНЧА БАРДЫК КАТТАМДАР УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ

9-октябрда «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда «Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча бардык каттамдар техникалык себептерден улам учуу убактылары жылдырылды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык техникалык себептерден улам 6 каттам аткарылбай калган.
«Эйр Манас» авиакомпаниясынын бир гана учагы бар.

2018-жылдын аягындагы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 36 учак бар. Анын тең жарымы жараксыз.

Количество просмотров: 705