ТАЛАСТА ЖЕР ТИТИРЕДИ
Талас облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-августта саат 9:28де Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Талас районунун А.Огомбаев, Козучак айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
ОШТО АВТОБЕКЕТ МЭРИЯГА ӨТТҮ
Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мэр Бакытбек Жетигенов мэриянын карамагына өткөрүлгөн Ош автобекетинин абалын жеринен көрүп чыкты.
«Анын негизинде тиешелүү кызматтарга тезинен бекеттин аймагын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды баштоону, ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүүнү тапшырды. Ошондой эле жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен автобекетти капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорду даярдоо тапшырмасын берди»,-деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, автобекет КР министрлер кабинетинин токтомуна ылайык муниципалитеттин карамагына өттү. Имарат буга чейин КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болгон.
КӨК БӨРҮ ОЮНДАРЫ ӨТӨТ
Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу КР Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди.
«Спорттук иш-чара үч форматта өтүп, ага сегиз мамлекеттен 12 клубдар катышат. Биринчи форматта Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку лигасында ойногон төрттөн сегиз клубу катышат. Бул турнирдин максаты кыргыз-казак достугун чыңдоо болуп саналат», — деди ал.
Бегалиев белгилегендей, экинчи форматта Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия, Монголия, Россия жана АКШдан жалпы 12 клуб ат салышат.
Кошумчалангандай, турнирдин байге фонду 5 млн сомдон жогору, учурда демөөчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.