• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Кайра шайлоо күнү белгиленди. Алмазбек Орозалиев кызматтан алынды

21 Тогуздун айы 2020 14:06 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 21-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы беш киши кайтыш болду.

Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1118 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

21-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 549 кишиден жаңы аныкталып, августтан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 53 459 адамды түздү. Анын 46 444ү сакайганы айтылды. Бир күндө 305 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

ШАЙЛОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт. Бул тууралуу  БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бир добуштан кабыл алынган.

“Бул маселени комиссия мүчөлөрү колдоп токтом кабыл алынды. Анын алкагында бүгүндөн баштап шайлоо процесси башталды”,-деди Осмоналиев.

Эске салсак, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп, ага катышкан 16 партиянын төртөө жеңишке жеткени кабарланган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийинки жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген. БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Президент да отставкага кеткендиктен, мыйзам боюнча үч ай аралыгында мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү керек.

ОРОЗАЛИЕВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев кызматтан алынды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, анын ордуна Ысык-Көл ОИИБдин мурдагы жетекчиси Октябрь Урманбетов келди. Бул боюнча ИИМ маалымат бере элек.

Орозалиев 2015-жылдын 4-сентябрынан тарта ошондогу премьер-министрдин буйругу менен ички иштер министринин орун басары болуп дайындалган

Количество просмотров: 99