• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кореялык дарыгерлер жарандарды акысыз кароодон өткөрүүдө. Баткенде жер силкинди

18 Теке 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЛЕНИН РАЙОНУНА АКИМ ДАЙЫНДАЛДЫ

Шакиев Жыргалбек Тургунбекович борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Аким Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды.

БАТКЕНДЕ ЖЕР ТИТИРЕДИ

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-июлда болжол менен саат 21:52де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

«Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Талаа, Шуран айылдарында жана Айдаркен шаарында 3 баллга чейин сезилген»,-деп жазылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КОРЕЯДАН КЕЛГЕН ДАРЫГЕРЛЕР АКЫСЫЗ КАРОО ӨТКӨРҮҮДӨ

17-18-июлда Бишкек шаарындагыУлуттук госпиталда Кореядан келген дарыгерлер жарандарды акысыз кароодон өткөрүп, консультация беришүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандарды акысыз кабыл алуу жана кеңеш берүү «СеулАсан» кайрымдуулук фондунун демилгеси менен КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду. Учурда Улуттук госпиталдын базасында «СеулАсан» ооруканасынын дарыгерлери жарандарды кабыл алып, акысыз консультация беришүүдө.

Каалоочулар ЛОР дарыгери, педиатр, кардиолог, окулист, гастроэнтеролог, терапевт, кардиолог, аллерголог, стоматолог жана башка адистерден кеңеш ала алышат.

Количество просмотров: 102