• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирус 320 адамдан табылып, 3 киши көз жумду. Дагы бир кыз уурдалды

6 Бугу 2021 14:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап жумду. Алардын баары Бишкекте.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, 6-майга карата дагы 320 адамдан оору аныкталды. Мурда сыркоолгон 217 киши айыкты.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор расмий эсепте 1640ге жетти. Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 97 278, айыккандар 90 611 кишини түздү.

Кыргызстанда Кытайдын «SinoPharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий маалыматка караганда, 36 миңден ашуун киши вакцина алды.

ЖАПАРОВ БАТКЕНГЕ БАРДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, президент мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларда жабыркаган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.

УУРДАЛГАН КЫЗ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Чүйдүн Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү 5-майда уурдалган кызды издеп жатат. Күч кызматкерлери кызды уурдаган эркектин тек-жайын тактады.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 26 жаштагы кызды 5-майда түнкү саат 11лерде Лебединовка айылындагы супермаркеттин жанынан белгисиз кишилер «Тойота-Эстима» автоунаасына салып кетишкен. Милицияга 6-майга караган түнү кыздын сиңдиси арыз жазган.

Кыргызстанда кыздарды көбүнчө турмуш куруу максатында зордоп ала качышат. Каршылык көрсөткөн кыздар өлтүрүлгөн учурлар 2018 жана 2021-жылы катталды.

Азыркы мыйзамдар боюнча кыз уурдагандар 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Количество просмотров: 146