• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирус дагы 68 адамдан табылды. Жол кырсыкта эки киши каза болуп, жетөө жараат алды

13 Аяк оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан эки киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2574 адамга жетти. Соңку бир суткада вирус дагы 68 адамдан табылды.

Талас менен Ош облустарында катталган эмес. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 177 226 кишиге жетти. Алардын 649у ооруканада жатат, дагы 1021 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 95 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 523 киши.

ЖЕКЕ ТАЛАПКЕРЛЕР АРЫЗ БЕРЕ БАШТАДЫ

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн жеке талапкерлер документ тапшыра баштады. Алгачкы арыз 13-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы Акылбек Сариевден түштү. Ал Нарындагы №33 шайлоо округунан талапкер болууну көздөөдө. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Бир мандаттуу округдарга талапкерлердин документтери 18-октябрга чейин кабыл алынат.

Буга чейин 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. Шайлоо алдындагы үгүт 29-октябрда башталып, 27-ноябрда саат 8:00дө аяктайт.

Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат. Партиялар үчүн жалпы өлкө бирдиктүү округ деп эсептелет, алар жалпы шайлоочулардын 5% ашыгынын добушун алыш керек.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 2 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана-Кайрагач унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Honda Stepwgn менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 42 жана 20 жаштагы эки киши каза тапты. Жараат алган жети кишинин экөө тогуз жана алты жаштагы жаш балдар. Алар Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилди. Министрликтин Лейлек райондук бөлүмүнүн куткаруучулары каза тапкандардын сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берген.

Количество просмотров: 180