• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам көз жумду. Бир нече уурулукка шектүүлөр кармалышты

12 Жетинин айы 2021 13:59 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

12-ноябрда Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап кайтыш болду. Экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2699га жетти. Акыркы бир суткада 107 киши инфекцияны жугузуп алганы аныкталды. Оору жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. Ош жана Нарын облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес.

Былтыркы жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 182 197 адамга жетти.
Ушул тапта ооруканада 557 адам, 792 бейтап үйдөн дарыланып жатат. Бир суткада 105 киши айыгып чыкты.

ИИМ БАКИЕВДИН СҮРӨТҮН АЛЫП САЛДЫ

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы өлкөдөн качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин портретин алып салды жана мындай кемчилик үчүн коомчулуктан кечирим сурады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

«Урматтуу жарандар, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген кемчиликтер үчүн коомчулуктан кечирим сурайт. Бүгүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшкөн түзүмдүн мурдагы жетекчилеринин портрети илинип, ал жакта эч кандай күмөн ойлорсуз Жаныш Бакиевдин да портрети кошулган. Бирок, бул кетирилген катачылык дароо оңдолуп, стендден портрети алынды»,-деп айтылат билдирүүдө.

10-ноябрь күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын мурда жетектеген башчыларынын стендин ачууга байланыштуу салтанаттуу азем өткөрүлгөн.

Жетекчилердин тактасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, өмүр бою сыртынан соттолгон Жаныш Бакиевдин сүрөтү илинегени коомдо бир катар талкууларды тараткан.

Белгилей кетсек, Жаныш Бакиев 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен.

УУРУЛУККА ШЕКТЕЛГЕН ЖАШ ЖИГИТТЕР КАРМАЛДЫ

Аламүдүн районунда бир нече уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Арашан айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 1-ноябрь күнү анын темир дарбазасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурдоо») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жарандар жүргөн автоунаа аныкталып, жыйынтыгында жогорудагы уурулукка шектелип, 1997-жылы туулган Т.Н., 2001-жылы туулган С.А. жана 2004-жылы туулган П.Б. аттуулар кармалышкан.

Териштирүү учурунда уурдалган буюмду темир өткөрүүчү жайга сатып жиберишкени маалым болгон. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, кармалган шектүүлөр Аламүдүн районунун аймагында дагы ушул сыяктуу 10 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын экөөсү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 133