• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам көз жумду. Бишкекте арзан көмүр саткан кошумча кампа ачылды

17 Жетинин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда инфекциядан эки адам каза болду. Экөө тең вакцина албагандар.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2712 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 77 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Ош шаары менен Нарын облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 182 605 адамга жетти.

Азыр ооруканада 521 бейтап жатат, дагы 734 адам үйдөн дарыланууда.

КӨМҮР САТКАН КОШУМЧА КАМПА АЧЫЛДЫ

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы Бишкекте Ден-Сяопин көчөсү 306/2а дарегинде көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан кошумча кампа ачылганын билдирди. Мындай чечим 16-ноябрда иштей баштаган алгачкы сатуу жайында кезек күткөндөр көп болгонуна байланыштуу кабыл алынды.

Өкмөт 16-ноябрда Мурманск көчөсү, 1б/1 дарегинде Кара-Кече кенинен ташылган көмүрдүн бир тоннасын 3000 сомдон сата баштаган. Алармандар көп болуп, кезекте тургандардын саны 700 кишиге чейин жеткен.

Президент Садыр Жапаров 15-ноябрда өкмөт Бишкекте Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү 3000 сомдон сата баштарын айткан. Социалдык тармактарда башка аймактардын тургундары да бийликтен арзан көмүр менен камсыз кылып берүүнү суранууда.

АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ КЫРГЫЗСТАНГА КАРАЖАТ БЕРЕТ

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын республикалык бюджетин колдоо үчүн 80 миллион доллар берет. Анын 10,7 миллион доллары грант. Калган 69,3 миллион доллар 24 жылга сегиз жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен насыяга алынып жатат.

Тиешелүү кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 16-ноябрда жарыялады.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 1994-жылдан бери 1,3 миллиард доллардан ашык насыя, 811 миллион доллар грант жана 69 миллион долларлык техникалык жардам берген.

Количество просмотров: 86