• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам көз жумду. МИК 25 миллион сомго батир алат

3 Жетинин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

3-ноябрга карай Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап кайтыш болду. Экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2676кө жетти. Акыркы бир суткада 74 киши инфекцияны жуктуруп алганы аныкталды.

Бир сутка ичинде 97 адам оорудан айыгып чыкты. Ушул тапта 605 бейтап ооруканада, 803ү үйдө дарыланууда. Ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 181 миң 425 кишиге жетти. Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 756 миңден ашуун адам вакцина алды. Анын миллионго чукулу биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

КЫЗ АЛА КАЧКАНДАР КАРМАЛДЫ

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 2-ноябрда 18 жаштагы кызды ала качып бараткан үч жигит кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, Чүй милициясына кечки саат 21:30дар чамасында Аламүдүн районунда эки бейтааныш бала 2003-жылы туулган кызды уурдап, болжол менен Талас облусу тарапка жол тартканы тууралуу маалымат түшкөн. Атайын түзүлгөн пландын негизинде «Сосновка» стационардык постунан «Лексус» үлгүсүндөгү машина токтотулуп, кыз куткаралды. Машинада үч жигит болгон жана алар кызды эркине каршы үйлөнүү максатында уурдап баратканы белгилүү болгон. Колго түшкөн үч жигит Жайыл райондук тергөө кызматына жеткирилди.
 Кыргызстанда кызды эркине каршы ала качкан учурлар тыйылбай жатат. Сентябрь айында милиция 20 жаштагы кызды Токтогулга алып качып бараткан жигитти кармаган. Ушул жылдын 20-майында 19 жаштагы кызды Таласка алып качып бараткан эки жигит колго түшкөн.

Быйыл февраль айында да Чүйдө кыз уурдоо фактысы аныкталып, Токмок шаарынан ала качып баратышкан 17 жаштагы кызды милиционерлер жакындарына өткөрүп беришкен.
Кыргызстанда кыздарды уурдагандарга жаза эки ирет күчөтүлгөн. 2013-жылы күнөлүүнү жети жылга кесүү тууралуу мыйзам күчүнө кирсе, 2019-жылы аталган берене боюнча кылмышкерди 10 жылга чейин камоо каралган.

МИК 25 МИЛЛИОНГО БАТИР САТЫП АЛАТ

Мамлекеттик ипотекалык компания 25 миллион сомго батир сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.

Порталда 2010-жылдан кийин салынган турак жайдагы жашоого даяр жана ичин өзү оңдоп алууга боло турган батирлер керек экени айтылган. Мейманкана түрүндө салынган турак жай жарабайт. Тендер эки лот менен өткөрүлөт.

Биринчисинде, Түштүк магистраль, Жаш гвардия бульвары, Жибек Жолу жана 7-Апрель көчөсүндөгү аймактарда жайгашкан турак жайлар керек. Батирдин баасы — 1 чарчы метри 60 миң сомдон ашпашы зарыл. Экинчи лотто Бишкектин четиндеги аймактардан батирлер алынат. Алардын баасы 1 чарчы метри 50 миң сомдон ашпашы керек.

«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Жаңы турак жай программасына катышкан жарандар «Жеңилдетилген ипотека» 4% менен мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине жана «Жеткиликтүү ипотека» 8% менен башка категориядагы бардык жарандарга берилет.

Количество просмотров: 131