• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2729 адам көз жумган. Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

23 Жетинин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2729 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 69 адамдан табылды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 953 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 599 киши айыгып чыккан.
Азыр ооруканада 458 бейтап жатат, дагы 633 адам үйдөн дарыланууда.

ОРУСИЯГА АБА КАТТАМДАР КӨБӨЙӨТ

1-декабрдан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдарынын саны көбөйөт. Бул тууралуу Москвага жумушчу сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукканда белгилүү болду.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөт башчылары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык тармактардагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин да талкуулады.

Мындан тышкары эки өлкөнүн өкмөт башчылары салык жана бажы системаларын санариптештирүү, анын ичинде салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда маалыматтарды иштеп чыгуунун заманбап борборун түзүү зарылдыгын белгилешти. «Биз үчүн Орусиянын бул багыттагы тажрыйбасы өтө маанилүү», — деди Жапаров.

Өз кезегинде Михаил Мишустин орус тарап «эки тараптуу кызматташтыкты биргелешкен долбоорлор менен толуктап, жаңы деңгээлге чыгарууга» кызыкдар экенин белгиледи.

ТУРУКСУЗ АБА ЫРАЙЫ КҮТҮЛӨТ

26-ноябрда жана 27-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

26-ноябрда көпчүлүк аймактарда, 27-ноябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдордун тоолуу аймактарында кар күрткүсү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

Количество просмотров: 127