• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 3 адам каза болду. Матраимовдун өкүл баласы мамлекетке акча төктү

14 Үчтүн айы 2021 14:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

14-январга карата Кыргызстанда дагы136кишиден коронавирус табылып, Бишкекте үч бейтап көз жумду.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 723адамгажетти. Жалпы ооругандардын 78 563үсакайды. Соңку бир күндө 205 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1378адамга жетти.

ОКУУЧУЛАР САЛТТУУ ТҮДӨ ОКУЙТ

Бишкек шаарындагы мектептер төрт класстын окуучулары үчүн 18-январдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу ордо калаа мэриясы билдирди.

Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевдин айтымында, эгер COVID-19ун вирусунун жаңы түрүнүн жайылуу коркунучу туулса, мектептер ыкчам кайра онлайн окууга өтүшөт.

«Бизге жаңы вирус келет деп отура берсек билим сапаты төмөндөп, балдарыбыздын ден-соолугу башка себептерден начарлагыдай. Экинчи чейректе республикада 1 миң 915 мектеп ачылып, салттуу окуу жүрдү. Мектепке барган окуучулардын абал туруктуу. Биздин позициябыз мектептерди ачуу», — дейт министр.

Белгилей кетсек, айрым аймактарда мектептердин көпчүлүгү экинчи чейректен баштап офлайн окууда.

САЙПИДИНОВ БЮДЖЕТКЕ АКЧА ТӨЛӨДҮ

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Мунарбек Сайпидиновдун баш коргоо чарасы кечээ, 13-январда Ош шаардык сотунда каралган.  Анда айыпталуучунун жашаган жери, өздүгү тууралуу так маалымат бар экенин жана ал өлкө казынасына келтирген  1 033 700 сом каражат толук төлөнгөнүн эске алып, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. 

Үй камагына ылайык, Сайпидиновго саат 22:00дөн 06:00 саатка чейин жашаган жери Савай айылындагы үйүнөн сырткары чыгууга тыюу салынып, тергөөчүнүн биринчи чакыруусу менен келүүгө, жашаган аймагынан сырткары чыкпоого милдеттендирилген.

Количество просмотров: 56